С Джуманазаров атындагы биринчи май районунун адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби

Биз жөнүндө

      Биринчи май районунун балдар-өспурүмдор спорттук мектеби 1961 жылы ачылып, волейбол жана баскетбол боюнча иш-чараларды откөзгөн. Кийинчереек волейбол менен баскетбол Свердлов районунун спорт мектебине өткөзүлүп берилип, № 1 спорт мектебинен теннис менен шахмат. № 2 Биринчи май районунун спорт мектебине өткөзүлгөн. 1980 жылдары спорттук гимнастика республиканын мектебине өткөзүлүп берилип, 1994 жылы мектепке таэквондо спорт түрү ачылат, 2000 жылы дагы грек-рим курөшү,аялдардын күрөшү, кикбоксинг жана ушу-санда түрлөрү ачылып 2004 жылга чейин иш-чараларды алып барган. 2004 жылдын бирдин айынан баштап баардык күрөш боюнча түрлөрү Свердлов районунун спорт мектебине өткөзүлүп берилип, Биринчи май районунун спорт мектебине жеңил атлетика алып келинген жана ушул эле жылы биатлон спорт түру ачылган.

       2007 жылдын теке айынын 23 дө Бишкек шаарынын ФКС жана туризм боюнча комитетинин № 154 буйругу менен мектепке ХХ!! Олимпиада оюнунун марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун ысмы ыйгарылган.

       2018 жылдын кулжа айынын 13 дө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери жана ДТжС боюнча агенттигинин № 147-н буйругу менен Биринчи май районунун спорт мектебине Олимпиадалык резервдеги статусу ыйгарылган.

       Бүгүнкү күндө мектеп жеңил атлетика, теннис, биатлон жана таэквондо ИТФ спорт түрлөрү боюнча иш-чараларды алып барат. Мектепте 46 машыктыруучу иш-чараларды алып барышат жана ага 500 ашык окуучулар окуу-машыгуу сабактарына катышышат. Алардын ичинен 43 машыктыруучу жогорку билимдүү, 2 машыктыруучу жогорку окуу жайын аяктап калды, 1 машыктыручу жаңы тапшырды. Машыктыручулардын арасында 8- Кыргыз республикасынын “Эмгек сиңирген машыктыруучу”, 2- Кыргыз республикасыны “Эмгек сиңирген спортчусу”, 1-СССРдин Эл аралык спорт чебери жана 8- СССРдин жана Кыргыз республикасынын спортунун чебери иштешет.

      Жеңил атлетик боюнча-30 машыктыруучу, теннис боюнча-6 машыктыруучу, биатлон боюнча-5 машыктыруучу жана таэквондо ИТФ боюнча 5 машыктыруучу.

      Мектеп ачылгандан бери машыктыруучулар Олимпиада, Азия оюндарына, Дйнөлүк биринчиликтерге, Дүйнөлүк Универсиадаларга, Азиянын биринчиликтерине жана чоң-чоң Эл аралык мелдештерге окуучуларды  катышууга даярдашат: биатлон түру боюнча Зафар Шахмуратов, Кундуз Абдыкадырова, Елена Бондарец, Тариэл Жаркымбаев жана Ислам Тургунбаев-жаштар арасындагы кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучулары. Ошондой эле FIS эл аралык федерациясынын биринчиликтеринин катышуучулары.

       Теннис түру боюнча Кирилл Кистанов, Максим Серко, Полина Янчарук ITF федерациясынын Эл аралык турнирлеринин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери.

       Таэквондо ИТФ боюнча машыгуучулары жакында эле “Азия барсы” атындагы Ыссык-Көл эл аралык Кубогун жеңип алышып, 20 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медалдарын алып келишти.

       Жеңил атлетика боюнча Шамиль Аббясов Европанын биринчилигинин жеүүчүсү жана Дүйнөнүн рекордсмени. Татьяна Борисова 3 Олимпиада оюндарынын катышучусу, Азия оюнунун жана Азиянын биринчилигинин жеңүүчүсү. Татьяна Ефименко 2 Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Азия оюнунун жеңүүчүсү жана Азиянын биринчилигинин 4 жолку жеңүүчүсү. Татьяна Колпакова Олимпиада оюнунун жеңүүчүсү, көп жолку СССРдин, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Дмитрий Шнайдер, Евгений Шорохов, Владислав Чернобай Олимпиада оюнунун жана Дүйнөлүк Универсиаданын катышуучулары. Дарья Маслова Азия оюнунун. Азиянын биринчилигинин,  Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү, Олимпиада оюнунун катышуучусу. Арина Клещукова Азиянын биринчилигинин жеңүүчүсү.

       Борисова Татьяна, Ефименко Татьяна жана Маслова Дарья спорттогу жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Кыргыз республикасынын “Даңк” медалдары менен сыйланышкан.

       Жогорку деңгээлдеги спортсмендердин көбү, бүгүнкү күндө дагы мектепте машыктыруучу болуп иштеп жатышкандары менен бирге жаштарды Дүйнөнүн, Азиянын биринчиликтерине, Дүйнөнүн Универсиадасына,  Олимпиада, Азия оюндарына жана эл аралык мелдештерге даярданып катышууга чоң көмөк көрсөтүп келе жатышат.

 

Мектептин спорт базалары:

  • Теннис ойноочу корттор по улице Малдыбаева-6а  и по улице Тыныстанова-8а.

Окуу-машыгуу сабактарынын өтүүчү жайларынын даректери:

  • Жеңил атлетика-чын куран айынан баштап жетинин айынын аягына чейин Д.Омурзаков атындагы башкы спорт аренасында жана бештин айынан баштап жалган куран айынын аягына чейин КРДТжС боюнча Академиясынын спорт базаларында өтүлөт
  • Теннис-чын куран айына жетинин айынын аягына чейин мектептин кортторунда өтүлөт. Бештин айынан жалган куран айынын аягына чейин “Тиклаб” теннис клубунда жана Кыргыз республикасынын биомеханика менен недр институнун спорт залында өтүлөт
  • Биатлон-жыл бою Аламудүн районунун Таш-Дюбе айылынын спорттук базаларында өтулөт
  • Таэквондо- жыл бою 4 кичи районундагы “Тераспорт” спорт клубунда жана Алматинский көчөсүндөгү “Стронг” спорт клубунда

 

Байланыштар

  • +996 550 087 718
  • gorsport@meria.kg
  • Логвиненко 59