Теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби

Биз жөнүндө

Теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги  адистештирилген балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби 1965-жылы негизделген. 4 бөлүмдөн турат: теннис, стол тенниси, армрестлинг жана пауэрлифтинг боюнча. 2020-2021-окуу жылына карата 26 окуу тобу түзүлгөн, анын ичинде 234 адам окуйт жана алардын арасында 129 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (МЧА)

Окуу жана  машыгуу сабактарын өткөрүү үчүн төмөнкү спорттук базалар бар:

- 8 корттор (4 топуракта, 4 асфальталган жерде).

- 2 ылайыкташтырылган бөлмөлөр (1 тренажердук зал жана жалпы дене тарбия залы).

- күч түрлөрү боюнча зал (Жаш Гвардия бульвары №44).

- майыптар спорттук борбору ( Карасаева көчөсү №10).

Ошондой эле машыгуу сабактары дүлөйлөр жана угуусу начар балдардын ​​Республикалык мектеп-интернатынында, И.Раззаков атындагы КМТУнин спорт залдарында өтүп турат.

Окуу-машыгууу иштерин 10 машыктыруучу жүргүзөт.

Мектептин тарбиялануучуларынын арасында белгилүү спортчулар бар: Эсен Калиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, 2016-жылдагы Паралимпиадалык оюндардын катышуучусу (5-орун), пауэрлифтинг боюнча Дүйнөлүк жана Азия Кубогунун көп жолку жеңүүчүсү жана байге ээси. Жыргалбек Оросбаев Эл аралык спорт чебери, 2016-жылдагы Паралимпиада оюндарынын катышуучусу ( 6-орун), пауэрлифтинг боюнча Азия Кубогунун көп жолку жеңүүчүсү жана байге ээси, жаштар арасында Дүйнө чемпиону жана рекордсмени. Александр Прокопов армрестлинг боюнча эл аралык спорт чебери, 2018-жылдагы майып спортчулар арасындагы Азия Чемпионатынын күмүш медалдын ээси. Адилет Камчыбеков, Максат Аргымбаев, Раджабали Эшонкулов (бардыгы – пауэрлифтинг боюнча), Саида Кудусова, Татьяна Хилчишина, Евгений Рычков, Нурлан кызы Айсулуу (бардыгы - стол тенниси боюнча)  сыяктуу жана башка көптөгөн спортчулар эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери.

Байланыштар

  • +996 555991136
  • gorsport@meria.kg
  • Карасаева 41