Свердлов районундагы олимпиадалык резервинин Р. Санатбаев атындагы балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектеби (Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨСМ)

Биз жөнүндө

Свердлов районундагы олимпиадалык резервинин Р. Санатбаев атындагы балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектеби” мекемеси

Свердлов районундагы Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨСМ спорттун 8 түрүн жайылтат, алар: грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, таэквондо ВТ, майыптардын спорту, самбо, бел боо күрөш, гандбол, УШУ жана кыз-келиндер боксу. 

Махмудов Хаким Махмудович 02.12.1938 жылы төрөлгөн,  КРдын эмгек сиңирген машыктыруучусу, КРдын эмгек сиңирген кызматкери, учурдагы дүйнөлүк чемпион Шаршенбеков Жоломан Назарбековичтин машыктыруучусу.

Филипповский Виталий Степанович 01.07.1942 жылы төрөлгөн, КРдын кум жээгиндеги күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Ушуров Фархад Аблимижитович 22.12.1964 жылы төрөлгөн, эмгек сиңирген машыктыруучу, грек-рим күрөш боюнча Спорттун чебери, дүйнө биринчилигинин коло медалдардын учурдагы ээлеринин – Царев Руслан менен Ким Романдын машыктыруучусу.

Акопян Арам Яникович 30.04.1974 жылы төрөлгөн, майыптардын спорту, КРдын эмгек сиңирген тренер.

Кожобеков Нурбек Раймалиевич 20.05.1988 жылы төрөлгөн, бел боо күрөш боюнча КРдын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Баранов Андрей Александрович 24.12.1964 жылы төрөлгөн, гандбол машыктыруучусу, билим берүүнүн отличниги.

Тыныбекова Айсулуу Болотовна 04.05.1993 жылы төрөлгөн, кыз-келиндердин күрөшү боюнча эмгек сиңирген Спорт чебери, машыктыруучу!

Царев Руслан 1991 жылы төрөлгөн, грек-рим күрөш боюнча эл аралык деңгээлдеги Спорт чебери, Дүйнө кубогунундагы коло байгенин ээси.

Медет кызы Айпери 1999 жылы төрөлгөн, 2020-жылдын кыз-келиндер күрөш боюнча Дүйнө кубогунундагы коло байгенин ээси.

Шаршенбеков Жоламан Назарбекович 1999 жылы төрөлгөн, 2020-жылы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү.

Ким Роман 1997 жылы төрөлгөн, грек-рим күрөш боюнча Спорт чебери, Азия чемпионатындагы коло байгенин ээси.

Тюменбаев Руслан Самаганович 1986 жылы төрөлгөн, 2008-жылдагы Азия чемпиону, Олимп оюндарындагы коло байгенин ээси.

Кенжеев Жанарбек Салимбаевич 1985 жылы төрөлгөн, адистиги – грек-рим күрөш, 2016-жылкы Азиянын чемпиону.

Байланыштар

  • +996 703 04 79 17
  • gorsport@meria.kg
  • Восток 5, 21а