Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жаатында акысыз негизде колдоо максатында Меморандум түзүлгөн

   Өзгөчө категориядагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн  системалуу дене тарбия жана спорттун ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Паралимпиадага тартуу максатында, жыл башында «Ден-соолукка бирге» фонду менен  Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ортосунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жаатында акысыз негизде колдоо максатында кызматташуу Меморандуму түзүлгөн.

      Жогоруда айтылгандардын негизинде, 2021-жылдын март айынан баштап, "Ден-соолукка бирге" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн милдеттүү коштоосунда таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, церебралдык шал, Даун синдрому менен ооруган жана башка ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга Дельфин спорт мектебине баруу уюштурулуп келет.

Келүү убактысы ар шейшемби, бейшемби күндөрү саат 12: 00дөн 14: 00гө чейин.


Социалдык тармактарда бөлүшүү