ДАГЫ БИР ЖЕҢИШ

Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорт мектебинин тарбиялануучусу Владимир Золоев Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Олимпиада оюндарына жолдомо спортчуга Азиядагы континенталдык квота боюнча берилди.

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев 81 кг салмактагы Азиянын учурдагы чемпиону. Ошондой эле спортсмен Чемпионат Азия жана Океания Чемпионатынын жеңүүчүсү, Индонезиядагы Азиялык оюндарында, Гран-При Ташкент жанаГран-При Алмата жана Минск шаарындагы Европанын ачык кубогында 3-орунга ээ болгон.

Лицензиялар ар кандай эл аралык турнирлердеги көрсөтүлгөн тыянактардын негизинде түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы боюнча ойнотулду. 

Бул Кыргызстан үчүн 15-лицензия болуп саналат.

 


Социалдык тармактарда бөлүшүү