Өзгөчө категориядагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн системалуу дене тарбия жана спорттун ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Паралимпиадага тартуу максатында, жыл башында «Ден-соолукка бирге» фонду менен Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ортосунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жаатында акысыз негизде колдоо максатында кызматташуу Меморандуму түзүлгөн.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, 2021-жылдын март айынан баштап, "Ден-соолукка бирге" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн милдеттүү коштоосунда таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, церебралдык шал, Даун синдрому менен ооруган жана башка ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга Дельфин спорт мектебине баруу уюштурулуп келет.
Келүү убактысы ар шейшемби, бейшемби күндөрү саат 12: 00дөн 14: 00гө чейин.
Сүрөттө интернет булагынан алынгын.