Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Токиодогу Паралимпиадалык оюндарга лицензия утуп алган спортчуну сыйлады

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Дунушалиев парадзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Хусан кызы Хайитхон менен анын машыктыруучусу Канатбек Имияновду сыйлады.

Айбек Жанышбекович спортчуну жана анын машыктыруучусун жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалап, Токиодогу Паралимпиадага катышуу алдында коштошуу сөздөрүн айтты. Токиого Хусан кызы Хайитхон бүгүн, 19 -августта учат.                                                                                                                     

Ал мындай чоңдуктагы спорттук мелдешке биринчи жолу лицензия утуп алды.

Жетишкендиктери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучуга 50 миң сом сертификат тапшырылды.


Социалдык тармактарда бөлүшүү