Япониянын "JICA" агенттиги менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум

     2021-жылы 26-июлда Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев Япониянын "JICA" эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү - Иманалиев Айнура, Огата Мисузу, Норимацу Казухиса жана Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аралык кызматташтык жана протокол департаментинин башчысы Жекшенкулов Беккул менен жолугушту.

     Жолугушуу ыктыярдуу программанын алкагында болуп, төмөнкү темалар талкууланды:

 

  •          Өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум
  •  Япониянын "JICA" эл аралык кызматташтык агенттигинин ыктыярчыларынын Бишкектеги спорттук мектептерде машыгуу сабактарын өткөрүү мүмкүнчүлүгү 

Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги JICA 2000-жылы ыктыярчылар программасын уюштурган. Алардын бардыгы маданият, бизнес, саламаттыкты сактоо жаатындагы адистер жана тажрыйбалуу эксперттер. Белгилүү бир тармакта билимин жана тажрыйбасын бөлүштүрүү максатында ыктыярчылар 2 жылдык мөөнөткө жөнөтүлөт.


Социалдык тармактарда бөлүшүү