Бишкек шаарынын мэрин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергенов Лицензияга ээ болгон спортсменди куттукталы

Бишкек шаарынын мэрин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергенов спорттун эл аралык чебери Кенешбеков Нурсултанды жанан анын машыктыруучусун Чокоев Сатыбекти сыйлады

Бактыбек Жапарович спортчуну, анын машыктыруучусун жетишкендиктер менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Нурсултан олимпиалык оюндарга  2021-жылынын 28-июлунда учат.

 

Спорттун эл аралык класстагы чебери, С. Джуманазаров атындагы Биринчи Май районунун Адистештирилген Балдар-Өспүрүмдөр Мектебинин тарбиялануучусу Кенешбеков Нурсултан 100 000 сомдук сертификат менен, анын машыктыруучусу СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучу Чокоев Сатыбек 50 000 сомдук сертификат менен сыйланышты.  

Спортчуларды сыйлоо Олимпиадалык оюндарга жөнөөр замат уюштурулат,  ал убакытка чейин лицензия ээлери коронавирустук инфекциянын оор эпидемиологиялык абалына байланыштуу карантинде болушат.

Буга чейин мэр спортчу Бекдөөлт Расулбековду жана анын машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовду сыйлаган.

Нурсултан Кенешбеков – Туркия Чемпионатынын жана Узбекистан Кубогунун  женүүчүсү, көптөгөн эо аралык турнирлердин байгеоердин ээси. Сатыбек Чокаев –  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.


Социалдык тармактарда бөлүшүү