Сыйлоо аземи

     Бишкек шаарынын мэрин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергенов Спорттун эл аралык чеберин Расулбеков Бекдөөлөттү жанан анын машыктыруучусун Молдодосов Омуржанды сыйлады.

     Бактыбек Жапарович спортчуну, анын машыктыруучусун жана Оор Атлетика Боюнча Олимпиадалык Резервдеги Адистештирилген Балдар-Өспүрүмдөр Мектебинин директорун, Молдодосов Уланды жетишкендиктер менен куттуктап, келечекте ийгилик каалап, Токиодо өтө турган оюндарга мотивациялоо сөздөрүн айта кетти. Бекдөөлөт Олимпиалык оюндарга  бүгүн, 2021-жылынын 24-июлунда учуп кетти.

     Спорттун эл аралык класстагы чеберин Бекдөөлөт Расулбековго 100 000 сом сертификаты менен сыйланды, анын машыктыруучусу СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучу Молдодосов Омуржан 50 000 сом сертификаты менен сыйланды.  

     Бекдөөлөт Расулбеков – Азия чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия чемпионаты 2019 3-орунга ээ болгон, Таиланд, Ташкент жана Иран шаарларында өткөн Лицензиялык оюндарда 1-орунга  ээ болгон. Олимпиалык лицензияга ээ болуу максатына жетишти.


Социалдык тармактарда бөлүшүү