СССРдин МСМК В.В.Тихоновду эскерүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү

 

26-июнда Бишкекте СССР МСМК Виктор Васильевич Тихоновду эскерүү ирээтинде, самбо боюнча 2005-2010-жылы туулган өспүрүм балдар арасында, жыл сайын өтүп туруучу чемпионаты башталып, 27-июнда аяктады.

 

Салтанаттуу ачылыш Билим берүү министри Купешев Болотбек, Дене тарбия жана спорт башкармасынын башчысы Нурлан Токоноев жана СССР эл аралык класстагы спорт чебери Дивыва Алихандын катышуусунда өттү. Мелдештин ардактуу коноктору чогулгандарды куттуктап, легендарлуу самбистибиз Виктор Васильевичти жылуу сөз менен эскеришти жана Чемпионаттын бардык конокторуна жана катышуучуларына чын ден-соолук,  жогорку денгээлдеги спорт  жетишкендиктерди каалашты.

 

Виктор Тихонов – самбо боюнча Дүйнөлүк Кубоктун үч алтын медалынын ээси, Дүйнө чемпиондугунун 6 жолку, СССР Чемпионатынын 10 жолку жеңүүчүсү.

 

Чемпионаттын финалы 27-июнда болуп өттү. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

2009-2010-жылы туулган спортсмендердин арасындагы чемпиондор: 

 

Токтосунов Нурэл - СК Рахатбекова 24 кг биринчиликке ээ болду

Асимканов Атай - СК Рахатбекова 29кг

Токтосунов Нурел  - СК Рахатбекова 26 кг

Тангумин Умар - СК Александровка 32 кг

Капаров Талгат - СК Рахатбекова 35 кг

Маданбеков Байэл - СК Рахатбекова 38 кг

Борончуев Муса - СК Александровка 42 кг

Горизанов Евгений - СК КНУ 46 кг

Манченко Артур – Ленин районундагы ОРАБѲСМ

2005-2006-жылы туулган спортсмендердин арасындагы чемпиондор: 

 Алиев Ахмед - СК Заря 50 кг

Май Муслим - СК Алексанровка 55 кг

Мусаев Арли - СК Алексанровка 60 кг

Чыныбеков Казыбек - СК Заря 66 кг

Абдураимов Нурсултан - СК Баатыр 72 кг

Уметалиев Аман - СК Фемили-спорт 78 кг

2007-2008 -жылы туулган спортсмендердин арасындагы чемпиондор: 

Кыздар арасы:

Олжобай кызы Акмарал - СК Динамо 45 кг

Усен кызы Акака - СК КНУ 52 кг

Балдар арасы: Жолболдуев Султан - СК Рахатбекова 38 кг

Жумалиев Нурел - СК Рахатбекова 42 кг

Нуркулов Марлен - СК Рахатбекова 46 кг

Абдыкалыков Умар - СК Рахатбекова 50 кг

 

Болотбеков Саид - СК А-2 54 кг

Таалайбеков Улан - СК Баатыр 59 кг

 

СССР МСМК Виктор Васильевич Тихонов атындагы эскерүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилигинин уюштуруучулары - Дене тарбия жана Спорт башкармасы.

 

 

 


Социалдык тармактарда бөлүшүү