«Алтын-Булак» пансионаты муниципалдык мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субьекттеринин кызматкерленинин, ошондой эле олимпиялык резервдеги адистерилген балдар – ѳспүрүмдѳр мектептерине окуу-машыгуу токтомдорунун эс алуусун уюштурууну жүзгѳ ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын түзүмдүк бѳлүмү болуп саналат.
Мекеменин иш аракетеринин максаты бул олимпиядагы резервдеги
адистерилген балдар-ѳспүрүмдѳр мектептерине окуу-машыгууларды ѳткѳрүү, Бишкек шаарынын мэриясянын аймактык, түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субьектеринин кызматкерлеринин,
ошондой эле башка жактардын эс алуусун уюштуруу.
Мекеменин негизги милдеттери:
- эс алуучуларга ѳз убагында сапатуу тейлѳѳ кѳрсѳтүү;
- эс алуучуларга бош убактысын, турак жай – тиричилик шарттарын түзүү, тамактануу, маданий-массалык иш-чаралар менен камсыздоо;
-ден соолукту чындоо кызматтарын корсотуу жана окуу-машыгуу топтомдорду
ѳткѳрүү.
«Алтын-Булак» пансионаты 100 орунга эсептелинген.
«Алтын Була» пансионаты 1975-жылы ишин баштаган. Ошол жылдан бери бир да жолу каптиалдык ремонттон ѳткѳн эмес. Азыркы абалы ото начар. Негизи кайра курууга муктаж.
Алтын-Булак пансионатында 40 штаттык бирдик бар.
Жумуш негизи жайында башталат. Даярдык сезонго майдан баштап даярданабыз. Жайкы эс алуу убактысы июндан августка чейин болот.