"Алга-Бишкек" футболдук клубу

Биз жөнүндө

     "Алга-Бишкек" клубу муниципалдык мекеме Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын (мындан ары - Мекеме) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) пропагандалоо, жайылтуу жана өнүктүрүү, дем берүү жана колдоо ишкердик активдүүлүктү, чыгармачылыкты, кадыр-баркын, Кыргыз футболду көтөрүү, эл аралык деңгээлдеги статусун жогорулатуу, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо, тарбиялоолорду ишке ашырат.

       Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

       - жогорку квалификациялуу футболчуларды өнүктүрүүгө жана даярдоого көмөк көрсөтүү, алардын кесиптик базасын түзүү;

      - ар кандай деңгээлдеги мелдештерге катышуу; футболчулардын спорттук чеберчилигин өстүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү;

      - окутуунун заманбап усулдарын киргизүү, объективдүү тандоону жүзөгө ашыруу жана таланттуу жаштарды мекемеге тартуу;

      - Кыргыз Республикасынын ичиндеги жана анын чегинен сырткары өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө ар

        тараптуу көмөк көрсөтүү, өз ара пайдалуу социалдык-маданий байланыштарды түзүү;

      -ишкер квалификациясын жана футболчулардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү;

      - көмөктөшүү жана колдоо, ишкердик активдүүлүктү, эл аралык аренада кыргыз футболдун социалдык статусун, кадыр-баркын бийик

        көтөрүү;

      - балдар-уландарга  жардам көрсөтүү . (U-12, U-13, U-14, U-15, U-16, U-17) бекитилген бюджеттин чегинде колдоо;

      - мекемеге балдар-уландарды тартуу үчүн профилдик мектептин клубуна жана зарыл шарттарды түзүү.

        Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 61.

        Мекеменин Аталышы:

  • мамлекеттик тилде: Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемеси»;
  • расмий тилде: Муниципальное учреждение «Футбольный клуб «Алга-Бишкек» при Управлении физической культуры и спорта мэрии города Бишкек.

Байланыштар

  • +996557449945
  • gorsport@meria.kg
  • ул. Ибраимова №61