25 - 27 - июнда "Динамо" спорттук базасында Джиу-джитсу боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт. Чемптонатка бардык курактагы өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор катышууга болот.
Спорттун бул түрүн өткөрүүнүн негизги максаты бул:
-
Кыргыз Республикасында кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү
-
спорттук чеберчилигин жогорулатуу
-
Республиканын эң күчтүү спортчусун аныктоо
Чемпионаттын ачылыш аземинде дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Токоноев Нурлан Ысыражидинович жана Кыргыз Ресаубликасынын джиу-джисту федерациясынын президенти Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич катышышат.
А дегенде, ачылыш аземи 26-июнда саат 14:00 "Динамо" спорт клубунда болот. Дареги: Водопроводная көчөсү 4.